Жалгыз Аяк 16+

Премьера в кинотеатре: 11 июня 2026 г.
Жаңгак токойдун кооздугу көздү арбап, кимди болбосун өзүнө тартып турганы менен ал ажарлуу кооздутун артына катылган, анын өзгөчө бир керемет сырлары бар.
Б.З.Ч. IV-кылымда көптөгөн дүйнө өлкөлөрүн багынткан Македониялык Кош мүйүздүү Искендер аттуу кол башчы туш болгон майтарылгыс жергиликтүүлөрдүн деми, укумдан-тукумга уланып, ал жаңгак токойлуу чөлкөмдө бүгүн да жашап келет.

Кыска бир убакытка жашынып туруу үчүн башпанек издеп, шаардан келген Зуура күтүүсүздөн ал байыртадан калган ары сырдуу ары кызыктуу болгон жашоонун башкы каарманына айланат.

Ар бир кадам табышмак.Кимдир бирөө үчүн жескемпир а ким үчүндүр токой ханышасы болгон Бактыкан "сүйүү менен мээримдин, темирден бекем энелик эрктин эң жогорку чегинин символубу же анын тескерисиби?" бул да ошол табышмактардын бири.
"Ондогон, балким жүздөгөн өмүрлөрдү мүлжүбөй жутуп, кылым карытып келаткан айыгышкыс кектешүүгө чекит коюу, Бактыканга буйурганбы же ал да кезектеги эрксизден курмандыка айланган тагдырдардын бири болуп калабы?" ушул сыякты дагы көптөгөн кызыктарды өз ичине камтыган "Жалгыз Аяк" көркөм тасмасы ар бир көрүүчүнү биз үчүн белгисиз болгон башка ааламга туш кылаары талашсыз!
Год: 2026
Страна: Кыргызстан
Режиссёр:
Жанр: Триллер
Премьера: 2026-06-11
Актёры:
До премьеры осталось:
2 дня
Все фильмы